# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16138/edition/1257429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94527

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-июлу № 392 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын натыйжалуу жана сапаттуу ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2013-жылдын 30-сентябрына чейин:";

- 3-пункттун алтынчы абзацындагы "бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
