# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 391 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 391 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16137/edition/458707/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 391 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (01.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94526

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-июлу № 391 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

1-берене.

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго аны Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-ноябрындагы № 208 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификациялоодо жасалган чегинүү алып салынсын.

2-берене.

"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" (Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 18-ноябры, № 97) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде: биринчи абзацындагы "төмөнкүдөй чегинүү менен" деген сөздөр алып салынсын; экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколго чегинүүнү алып салуу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
