# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16130/edition/1285958/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94519

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-июну № 380 Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген. Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде түзүлөөрү жана өз иштерин токтотоору;

- мурда түзүлгөн жана иштеп жаткан мамлекеттик илимий мекемелер өз макамын сактап кала тургандыгы, ал эми жаңы түзүлгөндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде катталууга тийиш экендиги.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрүшсүн.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарынын жетекчилерин же башка илим-изилдөө мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна бекитүү жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставына ылайык ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
