# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16123/edition/459797/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94512

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-июну № 371 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктунун төртүнчү абзацындагы "(айылда жашагандар)" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 5-пункту "белгиленген чектик уруксат берилүүчү нормадан ашык болгон," деген сөздөрдөн кийин "күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн же ушул көмүлгөн жерлердин санитардык-коргоо зонасында жайгашкан жерлерди," деген сөздөр менен толукталсын";

- 14 жана 15-пункттарындагы "ФПС" аббревиатурасы "АЖМФ" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- 22-пунктундагы "айыл жеринде туруктуу эки жылдан кем эмес жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
