# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июну № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июну № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16122/edition/691816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июну № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (05.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94511

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-июну № 370 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруудан алынуучу каражаттар жер участоктору берилүүчү жеке жана юридикалык жактар тарабынан аларга жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин республикалык бюджетке которулаары жана төмөнкүлөргө пайдаланылаары белгиленсин:

- жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;

- пайдаланылуучу жерлерди мелиорациялоого;

- жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга;

- жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылуучу жерлерди мелиорациялоо, алардын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
