Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Республикасынын Өкмөтүнүн «2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ 2013-жылдын 24-июну № 369 "2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары, кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашуу-кат ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бул макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдасын. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3366-V "Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2013 · № 3366-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3365-V "2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 27.06.2013 · № 3365-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3364-V "2013-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 27.06.2013 · № 3364-V
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Закон · 15.07.2013 · № 146
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон