# Постановление Правительства КР от 24 июня 2013 года № 367 "О вопросах государственного природного парка "Беш-Таш" в Таласском районе Таласской области"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16119/edition/457632/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 24 июня 2013 года № 367 "О вопросах государственного природного парка "Беш-Таш" в Таласском районе Таласской области" (24.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94508

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-июну № 367 Талас облусунун Талас районундагы "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2007-жылдын 20-сентябрындагы № ЭД-000074/06 МТ токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан 81,5 га аянттагы жерди "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жана аларды "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагына өткөрүп берүү тууралуу Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 10-августундагы № 72 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Талас районунун аймагындагы "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын чек арасында жайгашкан 11-кварталдагы (31, 33, 37, 39, 40-бөлүнүштөрдөгү) аянты 74 га жана 15-кварталдагы (1, 4-бөлүнүштөрдөгү) аянты 7,5 га, жалпы аянты 81,5 га жер "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун жана "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 353 "Ош облусунун Өзгөн районунда "Кара-Шоро" жана Талас облусунун Талас районунда "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш парктарын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункттагы "13650" деген цифралар "13731,5" деген цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыздасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 367 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 353 токтомуна 3-тиркеме

"Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

(га)

| Парктын функциялык зоналары | Жалпы аянты | Бардык токой├─────┬─────┬────────┬──────┤ эмес жерле- ри | Токой эмес жерлер айдоо | Токой ча- бынды | жайыт | башка жерлер | жерлер- дин бардыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Парктын бардык жерлери | 13731,5 | 5413 | 42 | 15 | 3678,5 | 4583 | 8318,5 |
| Корук зонасы | 5557 | 2647 | \- | \- | 206 | 2704 | 2910 |
| Жөнгө салынуучу рекреациялык пайдалануу зонасы | 2338,5 | 1319 | \- | 5 | 112,5 | 892 | 1019,5 |
| Жөнгө салынуучу чарбалык пайдалануу зонасы | 5836 | 1447 | 42 | 10 | 3350 | 987 | 4389 |

".
