# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 361 "Жаратылыш газынын жоголуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 361 "Жаратылыш газынын жоголуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 361
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16113/edition/1144432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 361 "Жаратылыш газынын жоголуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (20.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94502

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-июну № 361 Жаратылыш газынын жоголуу ченемдерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-2013-жылдарга "Кыргызгаз" ачык акционердик коому үчүн жаратылыш газынын жоголуу ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аталган жоголуу ченемдери 2010-жылдын 1-январынан тартып 2013-жылдын 31-декабрына чейин иштей тургандыгы аныкталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 361 токтомуна тиркеме

"Кыргызгаз" ачык акционердик коому үчүн жаратылыш газынын ЖОГОЛУУ ЧЕНЕМДЕРИ

| Жоголуунун аталышы | 2010-жыл | 2011-жыл | 2012-жыл | 2013-жыл |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Жаратылыш газынын газ өткөргүчтөрдө жоголушу | 58,2 млн. куб.м | 16,3% | 36,58 млн. куб.м | 11,8% | 38,35 млн. куб.м | 11,8% | 41,3 млн. куб.м | 11,8% |

Эскертүү: млн. куб.м - газ өткөргүчтөгү жаратылыш газынын ченөө бирдиги;

% - газ өткөргүчтөгү жаратылыш газынын жоголушу.
