# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 "Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 "Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16109/edition/454284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 "Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-июну № 357 Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
