# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 352 "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 352 "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 352
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16104/edition/453901/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 352 "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94493

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-июну № 352 "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис долбоор катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.

4. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

"2013-жылдын 20-майында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо" боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын жогоруда аталган макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
