# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтому"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16102/edition/1261545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтому" (12.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94491

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-июну №350 Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтому (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-июну № 337, 2015-жылдын 2-июлу № 436, 2016-жылдын 26-январы № 35, 2016-жылдын 27-июнундагы N 355 , 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 , 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомдорунун редакциясына ылайык) «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык, тоо-кен казып алуу тармагын туруктуу өнүктүрүү, тоо секторунан кирешелерди көбөйтүү, ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун он бешинчи абзацы жана жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү Казылып алынуучу кендердин тизмеси жана бонустардын өлчөмү (запастардын 1.01.2009-жылга карата абалы) күчүн жоготту деп табылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тоо-кен казуучу компаниялар иштеген райондордо мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чара көрсүн, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулардын ишине карата тукуруу жана кедерин кетирүү аракеттерине бөгөт койсун.

7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жер казынасын пайдалануу укугуна карата берилген лицензияларга ылайык жер участкаларын жер казынасын пайдалануу объектилери катары өз убагында берсин. «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы ченемдери жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүшсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
