# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 346
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16098/edition/952064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94487

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-июну № 346 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү ишке ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесинде:

аталышы "өнөр жай ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин "(товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын; 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "

| 34 | "Рола (Рола) Кыргыз-Рос- сия ишканасы ЖЧК | Чүй облусу | 10.61.2 10.73.0 10.61.9 | 00205200610064 | Дан (күрүчтөн башка), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактан ун чыгаруу; макарон азыктарын (макарон, кесме, кускус жана ушундай ун азыктары) чыгаруу; эртең мененки тамактар үчүн акшак, гранул, хлопья жана башка ушул сыяктуу азыктарды чыгаруу |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |

"; 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "

| 54 | "Коттон текстиль фэктори" ЖЧК | Ош облусу | 10.41.9 | 02303201210025 | Акталган (тазаланган) өсүмдүк жана жаныбарлардын майларын, тоң майларды чыгаруу; фермада багылган үй жаныбарлары үчүн даяр тоюттарды чыгаруу; пахта буласын даярдоо жана ийрүү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
