# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 343 "2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 343 "2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16095/edition/452997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 343 "2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу жөнүндө" токтому (12.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94484

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-июну № 343 2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу жөнүндө

2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун 9-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдун 7-беренесинде каралган мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташуусу жөнүндө Макулдашуу;

- 2012-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында жана 2012-жылдын 25-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколу;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну жана Протоколду аткарылышына жооптуу орган болуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө нотаны түркиялык тарапка жиберсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
