# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 342 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 342 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94483>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16094/edition/452490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94483.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 342 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94483

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 342 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 9-берененин аталышы "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

"Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жазык-аткаруу тутумунун органдары, улуттук коопсуздук органдары жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Ички тартиптин эрежелери) колдонулат.".

4. 40-берененин 1-бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 44-берененин 1-бөлүгү "коргонуу" деген сөздөн кийин ", баңги заттарда контролдоо боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
