# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 341
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16093/edition/1099249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94482

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 341 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын;

- борбордук аппараттарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө Регламенттин жоболорун окуп-үйрөнүү боюнча ишти уюштурушсун;

- өздөрүнүн чечимдерин он күндүк мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 391 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
