# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16086/edition/448443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94475

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 333 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалардын ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88, 90-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктундагы жана 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "бюджеттерин" деген сөздөр "финансылык-экономикалык отчетторун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилүүчү форма боюнча тышкы карыз жөнүндө маалымат берип турсун. Алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдетилген критерийлерге ылайык келишине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алууну ишке ашырсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
