# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16085/edition/448476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94474

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 332 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорду (GTAC) ишке ашыруу мөөнөтүн 2014-жылга чейин узартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "2012-жылдын 1-октябрынан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктундагы "2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын;

- 4-пунктунда:

"2012-жылдын IV кварталында" деген сөздөр алып салынсын; "2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 629 "Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом бекитилген Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планында:

1-6-пункттарындагы "2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын; 7-10-пункттарындагы "2013" цифралары "2014" цифраларына алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орточо мөөнөттүү планында:

II бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында: "2012" цифралары "2013" цифраларына алмаштырылсын; "2012-2013" цифралары "2013-2014" цифраларына алмаштырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
