# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16083/edition/939731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94472

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 330 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Жарандык абал актыларын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендик үчүн мамлекеттик жыйым төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнөт:

| а) жарандык абал актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү кайталап бергендиги үчүн; б) Кыргыз Республикасынын жарандык абал актыла- рын каттоонун өзгөртүүлөрүнө, толуктоолоруна, оңдоолоруна жана калыбына келтирүүгө байланышкан күбөлүк бергендиги үчүн | 10 сом 5 сом |
| --- | --- |

";

- 5-пунктунда:

"б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

| б) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн: - жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу ке- лишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго та- раптар, күбөлөр, жабыр тарткандар жана жа- рандык, кылмыш иштери боюнча эксперттер ка- тарында чакырылган жарандарга, - аларга уруксат берүү жана чет мамлекетке чыгуу укугуна документтерди берүү үчүн; - окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн чыгууга байланыштуу окуучуларга жана студенттерге | 60 сом эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
| --- | --- |

"; "м" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

| м) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштырган документти каттоо же аны каттоонун жарак- туулук мөөнөтүн узартуу үчүн; - Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттер- ге чыгып жаткан чет өлкөлүк туристтин доку- менттерин каттоо үчүн; | эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
| --- | --- |

"; "п" пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "

| п) жашаган жери боюнча каттоо (каттоого ту- руу) үчүн: - картаңдар жана майыптар үчүн интер- нат-үйлөрдө жашаган картаңдар жана майыптар үчүн; - мектеп-интернаттардын жана толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган баштапкы ке- сиптик билим берүү мекемелеринин жатакана- ларында жашаган окуучулары үчүн | эсептик көрсөткүчтүн 0,2 өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө эсептик көрсөткүчтүн нөл өлчөмүндө |
| --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
