Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолун кайра конструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3351-V "2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы…Постановление · 27.06.2013 · № 3351-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3350-V "2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 27.06.2013 · № 3350-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3349-V "2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 27.06.2013 · № 3349-V
Шилтеме берет (3)
- 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун кайра конструкциялоо, III фаза…Закон · 12.07.2013 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон