# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16075/edition/447666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94464

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 322 Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 13 жана 17-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үч айлык мөөнөттө:

- өздөрүнүн актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык келтиришсин;

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу багытында камсыздоого алынган адамдар медициналык тейлөөдөн пайдаланышкан учурда аларды каржылоо механизмин иштеп чыгып, ал маселе боюнча коомдук талкуу өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
