Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 322 Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 13 жана 17-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үч айлык мөөнөттө:
- өздөрүнүн актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык келтиришсин;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу багытында камсыздоого алынган адамдар медициналык тейлөөдөн пайдаланышкан учурда аларды каржылоо механизмин иштеп чыгып, ал маселе боюнча коомдук талкуу өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн…Положение · 10.06.2013 · № 322 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык…Постановление · 16.08.2016 · № 445 · Күчүн жоготкон