# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16072/edition/447573/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94461

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 319 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишинин функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаменти жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
