# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 "Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 "Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16071/edition/447556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 "Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94460

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июну № 318 Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-12, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, ошондой эле 2011-жылга республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "тиркелүүчү Тизме боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункту "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн баштап колдонула баштайт" деген сөздөр менен толукталсын.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
