# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июнундагы № 317 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июнундагы № 317 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16070/edition/447535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июнундагы № 317 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (08.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94459

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-июну № 317 Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-декабрындагы № 260 Мыйзамы менен ратификацияланган Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө протоколдун 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган Баскынчылык же баскынчылык актысын жүргүзүү коркунучу пайда болгон учурда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн механизми жөнүндө Протоколду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тартиби тууралуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун Башкы катчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтом кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
