# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16064/edition/643046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому (06.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94452

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-июну № 310 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-майы № 272 токтомдун редакциясына ылайык) Мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, жарандардын жана бизнес түзүмдөрүнүн мамлекеттик башкаруу системасына болгон ишенимин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо;

- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-майы № 272 токтомдун редакциясына ылайы кγчγн жоготту

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин башкаруу схемасы.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор бул токтомдон келип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте киргизишсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-майы № 272 токтомдун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МКТ боюнча кеңеш |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Электрондук башкаруу борбору |  |  |  |  |  |  |  |  |
| КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-майы № 272 токтомдун редакциясына ылайы кγчγн жоготту |  |  |  |  |  |  |  |  |
| V ┌───────────────┐ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги └───────────────┘ | V V ┌───────────────┐ ┌─────────────┐ | V ┌─────────────┐ └───────────────┘ └─────────────┘ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги └─────────────┘ |  | Кыргыз Республикасы- нын УКМК |  |  | Кыргыз Республикасы- нын Финансы министрлиги |
| Министрликтер жана ведомстволор └──────────────────────────┘ | ачык акционердик коомдор | Мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик үлүшү бар |  |  |  |  |  |  |
