# КР 2007-жылдын 2-июлундагы №94 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы №94 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1931/edition/435533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2007-жылдын 2-июлундагы №94 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (02.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94437

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2007-жылдын 2-июлу № 94 Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/94437/st-1)

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 17-статьядан "Мыйзам чыгаруу жыйынынын" жана "Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын.

2. 30-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "арча токойлорун" деген сөздөн кийин "мисте токойлорун" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 58-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 58-1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- Мисте дарагы;

- Жапайы өскөн бадам.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/94437/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
