# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 295
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16060/edition/699663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94433

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-майы № 295 Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ички жеткирип берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүшкөн товарларга жана жумуштарга тендердик билдирмелерди баалоодо ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускама бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
