Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 „Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года №645 "О вопросах премий Кыргызской Республики по качеству"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-майы № 294 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Уюмдардын продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жободо:
4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "4. Сынактын лауреаттарына жана дипломанттарына сыйлык катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору жана белгиленген үлгүдөгү сыйлыктар (байгелер) тапшырылат."; 14-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Кеңештин Техникалык катчылыгынын сунушу боюнча лауреаттар жана дипломанттар тарабынан продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүндө милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кеңеш тарабынан "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугу кайра чакыртылып алынат (шайкештикти милдеттүү ырастоо жаатындагы техникалык регламенттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому). Кеңештин Техникалык катчылыгы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана коопсуздугуна милдеттүү талаптар бузулгандыгы жөнүндө түшкөн даттанууларды контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңеш жөнүндөгү жободо:
3-пункту төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "лауреаттар жана дипломанттар тарабынан продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы иш чөйрөсүндө милдеттүү талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда "Сапат" эмблемасын пайдалануу укугун кайра чакыртып алуу;"; 7-пунктундагы "секретариаты" деген сөз "Техникалык катчылыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2022 · № 645
- Положение о Совете по присуждению премий Кыргызской Республики по качеству (Утверждено Постановлением Правительства КР от 18 августа 1997 года №478)Положение · 18.08.1997 · № 478 · Күчүн жоготкон
- Положение о премиях Кыргызской Республики по качеству (Утверждено Постановлением Правительства КР от 18 августа 1997 года №478)Положение · 18.08.1997 · № 478 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2022 · № 645
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.