# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 293 "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 293 "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16058/edition/1144412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 293 "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (28.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94431

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-майы № 293 "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-2012-жылдарга "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аталган жоготуулардын ченемдери 2010-жылдын 1-январынан баштап 2012-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болоору белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 293 токтомуна тиркеме

"Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ЧЕНЕМДЕРИ

| № | Жоготуулардын аталышы ├───────────────┬───────────────┬────────────────┤ | Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун жоготуулары 2010-жыл | 2011-жыл | 2012-жыл |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | БЖТнын тарамдарында жылуулук энергиясын жоготуулар | 496,1 миң Гкал | 24,6% | 516,1 миң Гкал | 25,3% | 511,7 миң Гкал | 24,7% |
| 2 | Талап кылынбаган жылуулук энергиясы | 203,3 миң Гкал | 10,1% | 198,7 миң Гкал | 9,7% | 178,7 миң Гкал | 8,6% |
| 3 | БЖТнын тарамдарында ысык суунун жоготуулары | 1199,28 миң тонна | 5,3% | 1175,64 миң тонна | 5,6% | 1184,1 миң тонна | 5,9% |
| 4 | Талап кылынбаган ысык суу | 9497,83 миң тонна | 42,4% | 8715,26 миң тонна | 41,8% | 8214,73 миң тонна | 40,8% |

Эскертүү: Гкал - жылуулук тарамдарында жылуулук энергиясын ченөө бирдиги; тонна - ысык суунун жоготууларынын көлөмүн ченөө бирдиги; % - жылуулук тарамдарында келип түшүүдөн жылуулук энергиясынын жана ысык суунун жоготууларынын пайызы.
