# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 290 "Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелернн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 290 "Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелернн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16055/edition/946292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 290 "Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелернн бекитүү жөнүндө" токтому (02.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94428

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-майы, № 290 Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелернн бекитүү жөнүндө Жаратылыш газын пайдалануу тартибин регламенттөө жана газ менен жабдуучу уюмдардын керектөөчүлер менен өз ара мамилесин тартипке келтирүү, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу маселелерине бирдей мамиле кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелери;

- Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелери.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги отун-энергетика комплексинин ишин жөнгө салуучу

энергетика жаатындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Жаратылыш газын жеткирип беруүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелери жана Жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу

эрежелери 2014-жылдын 1-апрелине чейин, бирок кабыл алынуусу ушул токтомдун 2-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн кеч эмес мезгилге чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып кучүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
