# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16042/edition/433498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (28.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-майы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Корея тарапка Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу кабарласын.

3. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
