Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы «Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү» долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-майы № 287 "Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Франкфурт-на-Майне шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III - Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнунун № 3217-V "Берлин шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы…Постановление · 13.06.2013 · № 3217-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3218-V "Берлин шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы…Постановление · 13.06.2013 · № 3218-V
- Кр Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3219-V "Берлин шаарында 2012-жылдын 11-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне, ортосундагы…Постановление · 13.06.2013 · № 3219-V
Шилтеме берет (2)
- 2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен KfW, ранкфурт-на-Майне ортосунда "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо-III Коммуналдык…Закон · 26.06.2013 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.