# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16032/edition/759292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому (14.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94388

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-майы № 286 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну натыйжалуу камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте киргизсин, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
