# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16031/edition/687525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (02.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94387

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 125 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 258 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-апрелиндеги № 200 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна 2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

| Борбордук аппарат ├────┤ Коллегия | ┌──────────┐ |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| ┌───────────────────────────┐ "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо ├─────┼──────────┐ башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы └───────────────────────────┘ ┌───────────────────────────┐ Дене тарбия жана спорттун ├─────┤ аймактык бөлүмдөрү └────────────┬──────────────┘ ┌────────────┴──────────────┐ 1. Аламүдүн райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 2. Аламүдүн райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 3. Чүй райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 4. Панфилов райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 5. Кемин райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 6. Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 7. Жайыл райондук № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 8. Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби. 9. Ак-Талаа райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби └───────────────────────────┘ ┌───────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын курама командаларын ├─────┤ олимпиялык даярдоо борбору └───────────────────────────┘ ┌───────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын спортунун улуттук түрлөрүн ├─────┤ өнүктүрүү республикалык борбору └───────────────────────────┘ ┌───────────────────────────┐ Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиялык ├─────┘ резервдеги окуу жайы | ┌────┴────────────────────────┐ 1. Республикалык адистештирилген мектеби. адистештирилген олимпиялык └─────────────────────────────┘ | күрөш (дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, Түштүк регион боюнча олимпиялык резервдеги боюнча облустук балдар-өспүрүмдөр мектеби. | адистештирилген спорттук аялдар күрөшү) боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби. 2. Республикалык адистештирилген оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби. 3. Республикалык адистештирилген ат спорту жана азыркы беш таймаш боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби. 4. Республикалык адистештирилген спорттун суудагы түрлөрү боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби. 5. Республикалык адистештирилген футбол боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби. 6. Кыргыз Республикасынын Түштүк регион боюнча балдар- өспүрүмдөр спорт мектеби . 7. Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр 8. А.Момунов атындагы футбол 9. И.Раззаков атындагы резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби |
