# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 284 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 284 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16030/edition/432653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 284 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (27.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94386

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-майы № 284 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долборун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/ЕВSF-2010-02-12 грантын берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте маалымдасын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
