Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4), Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-марты № 143 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4), Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган Мыйзам долборун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы № 8107-KGZ Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө (БАРЭК 3 Коридорун жакшыртуу боюнча долбоор (Бишкек-Ош жолу), Фаза 4) Макулдашуу-Каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Техникалык жардам бөлүп берүү жөнүндө № 8107-KGZ (БАРЭК 3…Закон · 25.06.2013 · № 102
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3164-V "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы №…Постановление · 30.05.2013 · № 3164-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3165-V "Бишкек шаарында 2012-жылдын 24-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы №…Постановление · 30.05.2013 · № 3165-V
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон