# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16024/edition/939723/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94379

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-марты № 142 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласындагы "4-беренесинин 6-пунктуна" деген цифралар жана сөздөр "4-беренесине" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

5-пункттун "а" - "г" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: "

| а) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыр- гыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн, жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул ал- ган жумушсуз жарандардан (мындан ары - жу- мушсуз жарандар), Кыргыз Республикасына ту- руктуу жашоо үчүн кайтып келген этностук кыргыздардан (мындан ары - этностук кыргыз- дар) тышкары; б) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын пас- портун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, эт- ностук кыргыздардан тышкары; в) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыр- гыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары; г) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жал- пы жарандык паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары. | 30 сом бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө эки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө |
| --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
