# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16021/edition/1270797/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94370

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-майы № 239 Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-июлу № 443 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен алмаштырылсын ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 135 "Механикалык транспорт каражаттарын жана чиркегичтерди мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 44-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
