Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-февралындагы № 88 «Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо» долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-майы № 276 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-февралындагы № 88 "Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо" долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында берилген инвестициялык кредитти натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле тракторлорду айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүүдө бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-февралындагы № 88 "Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо" долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тракторлорду алууга 232831500 (эки жүз отуз эки миллион сегиз жүз отуз бир миң беш жүз) сом чыгымын кайра берилүүчү негизде каржыласын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникага төмөнкүдөй шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн: мөөнөтү 20 жыл, 7 жыл жеңилдиктүү мезгил, күрөөлүк камсыздоосуз жылдык 2 пайыз.".
3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "д" пунктчасы менен толукталсын: "д) лизинг алуучулар менен лизингге алынган тракторлорду камсыздандыруу келишими ыктыярдуу негизде түзүлсүн;";
- 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. "Айыл Банк" ачык акционердик коому бажылык контролдо турган тракторлорду Кыргыз Республикасынын аймагында которуштурууга укуктуу жак болуп аныкталсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.