# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16013/edition/670075/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому (17.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94361

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-майы № 273 Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө

"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга зарыл болгон талаптарды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттар бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2013-жылдын 24-майындагы № 42 (2308) саны менен жарыяланды

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
