# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16011/edition/1108344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94359

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-майы № 271 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 90, 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 496, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин укук мураскери экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- 5-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги," деген сөздөр менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)
