Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 марта 2014 года № 134 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «Об образовании»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-03-17.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-майы № 269 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 21-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана жогорку кесиптик" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-беренесинин 2-бөлүгү "Жогорку" деген сөздөн кийин "жана кесиптик орто" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жогорку окуу жайларга кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуу учун кирген адамдар аталган программа боюнча ошол эле жогорку окуу жайларында окуусун аяктоого укуктуу экендиги белгиленсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын ошол эле жогорку окуу жайларында окуусун аяктоосу үчүн шарттарды түзсүн;
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 134 "«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 17.03.2014 · № 134 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 07.08.2007 · № 313
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон