# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/94352/edition/431425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94352

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-майы № 262 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын санаториялык-курорттук мекемелерине жолдомолорду берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" жана "социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:

бүткүл тексти боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлиги" жана "Министрлик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо" жана "калкты социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу;"; төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "10-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерде болушунун узактыгы 20 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт."; 11-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги бар, майып болуп калган пенсионерлерге;"; 13-пунктундагы "(мындан ары - Министрлик)" деген сөздөр алып салынсын; 14-пунктундагы "Кыргызстан профсоюздарынын курорт жана туризмди башкаруу боюнча кеңеши (Кыргызкурорттурсовет)" деген сөздөр "Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдарынын башкармалыгы (мындан ары - Кыргызкурорттуркеңеш)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| --- | --- |
|  |  |
