# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15996/edition/433435/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94344

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 253 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктта "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.";

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:

биринчи абзацтын 13-пунктундагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү

максаттарына жетүү боюнча координациялык комитеттин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары.

Координациялык комитеттин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (кеңеш берүүчү добуш укугу менен) (макулдашуу боюнча).
