Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 „Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 253 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:
биринчи абзацтын 13-пунктундагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү
максаттарына жетүү боюнча координациялык комитеттин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары.
Координациялык комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (кеңеш берүүчү добуш укугу менен) (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 "Кыргыз Республикасынын миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Координациялык комитет жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 01.04.2009 · № 204 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 "Кыргыз Республикасынын миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Координациялык комитет жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 01.04.2009 · № 204 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2012 · № 2265-V · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен…Постановление · 07.05.2013 · № 254 · Күчүн жоготкон