# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15995/edition/700202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (28.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94343

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-майы № 252 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- 2-пункту "укуктук мураскери" деген сөздөрдөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "колдоо маселелерин" деген сөздөр ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды колдоо маселелерин, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатындагы маселелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктунун экинчи абзацы "өнүктүрүү" деген сөздөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик теңчиликти камсыз кылуу;"; 7-пункт: "а" пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын; "- улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерин түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;

- гендердик чөйрөдөгү кырдаалга талдоо жана мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;

- социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эмгек ресурстарынын муктаждыктарына болжолду ишке ашырат;";

"б" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "- гендер маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;"; "г" пункчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гендер маселелерин чечүүдө эриш-аркак иштейт;"; 11-пунктта: бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу гана бекитет. Министрди кызматка дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин штаттык ырааттамасын бекитет;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
