# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15981/edition/809727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому (19.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94327

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-марты № 133 Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө

Иштетүүчү өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, учурдагы өндүрүштүк кубаттуулукту кыйла толук пайдалануу, ата мекендик продукциянын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуунун негизинде экспортту жана импорт алмаштырууну кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы;

- Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).

2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата

ПРОГРАММАСЫ

1. Жалпы жоболор

2. Программанын максаттары

3. Иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнүн багыттары

4. Программанын иш-чараларын каржылоо

5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар

1. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы өнөр жайы кен казуучу, иштетүүчү өнөр жай жана электр энергетикасы болуп бөлүнөт. Иштетүүчү өнөр жай кыйла көлөмдүү болуп эсептелет, анын салыштырма салмагы 80 пайыздан ашат. Өнөр жайдын түзүмү өзүнө 17 тармакты камтыйт, анын ичинде эки тармак кен казуу өнөр жайына, 14 тармак - иштетүүчү өнөр жайга таандык. Электр энергетикасы - өнөр жайдын өзүнчө тармагы катары каралат. Алардын ичинен беш тармак экономика жана салык түзүүчү болуп эсептелет, алардын төрт тармагы иштетүүчү өнөр жайы чөйрөсүнө тиешелүү. Алар: металлургия жана азык-түлүктү иштетүүчү тармак, текстиль жана кийим тигүү өндүрүшү; башка металл эмес минералдык продукттардын өндүрүшү жана энергетика. Чогуу алганда, аталган тармактар өнөр жай продукциясынын 90 пайыздан ашыгын чыгарат. Өнөр жай чөйрөсүндө 2090го жакын ишкана бар, аларда иштегендердин саны 200 миң адамдан ашат. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПга кошкон үлүшүнүн чоң эместигине - 16,8 пайыз экендигине карабастан, бюджетке болгон которууларды жана экспорттук сатууларды эске алганда, өнөр жай экономиканын абдан маанилүү тармагы бойдон калууда. Бул кырдаал максаттуу өнөр жай саясатын жүргүзүүнүн жана экономиканын аталган тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу реформаларды мындан ары жүргүзүүнүн зарыл экендигин ырастайт.

2. Программанын максаттары

Бул Программанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшүнүн жана экспортунун өсүшү;

- кыргыз өнөр жай продукциясынын Бажы союзунун базарларында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;

- ИДПда өнөр жай продукциясынын салыштырма салмагынын көбөйүшү;

- өнөр жайда кошумча жумушчу орундарды түзүү;

- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо, айрым өнөр жай товарлары үчүн ата-мекендик базарларды өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасына инвесторлорду тартуу аркылуу өнөр жайлык жана техникалык ноу-хауну жогорулатуу.

3. Иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнүн багыттары

Өнөр жайды өнүктүрүү саясатын түзүүдө бир нече өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл. Биринчиден, өнөр жайды өнүктүрүүнүн заманбап саясаты бизнес чөйрөнү өнөр жайдын өсүү келечеги менен оптималдаштырууга багытталууга тийиш. Экинчиден, мамлекеттин милдети базарларда өнөр жайды өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу кыйынчылыктарды жоюу, атап айтканда түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүү, өнөр жайдын жаңы тармактарын колдоо жана продукциянын ички базарда да, тышкы базарда да атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзүү болуп эсептелет. Бул Программа өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын колдоого негизделген өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат. Өнөр жайды өнүктүрүү саясатын тармактарга изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде ишке ашыруу абзел. Мунун натыйжасында келечекте өнүгүүнүн тармактык программалары иштелип чыгуусу мүмкүн. Иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү төмөнкү багыттарды ишке ашыруу менен өз ара байланышкан.

1) Сооданы өнүктүрүү

Тышкы соодадагы маанилүү жагдайлардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү мүмкүнчүлүгү саналат. Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү жөнүндө принциптүү чечим кабыл алынды, болгону кандай шарттарда жана качан боло турганын аныктоо зарыл. Мында бажы алымдары тууралуу маселе республика үчүн көйгөйлүү болуп жатат. Кыргыз Республикасында бажы алымынын колдонулуп жаткан орточо ставкасы - 51%, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы орточо ставкасы 7,5%, ал эми Бажы союзундагы мамлекеттердин Бирдиктүү бажы тарифинин (ББТ) орточо ставкасы - 10,6%. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарга жетишүү жана өнөр жай өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын позициясын күчтөндүрүү маанилүү.

2) Салык саясаты

Жеке ишкердиктин демилгеси менен катар, өнүктүрүүдөгү негизги ролдордун бирин бизнес жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, атап айтканда ыңгайлуу салык климатын камсыз кылууга тийиш болгон мамлекет ойноого тийиш. Жаңы түзүлүп жаткан, ошондой эле иштеп жаткан ишканаларга карата абдан жакшы ыңгайлуу режимди түзүү үчүн төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл:

- сатуудан алынуучу салыкты алып салуу мүмкүндүгүн кароо;

- экспортерлор үчүн пайыздык коюмдарды субсидиялоо (экспорттук-импорттук мамлекеттик насыя мекемелерин түзүү);

- экспортту ишке ашыруучу ишканалар үчүн мамлекеттик насыя мекемелеринен каражат алууга өзгөчө жеңилдик берилген жеткиликтүүлүк;

- экспорттоочу ишканалар үчүн республикада өндүрүлбөгөн негизги каражаттардын импортунда ташып келүүдө бажы алымдарынын нөлдүк коюмдарын сактоо;

- салык жана бажы мыйзамдарынын либералдык шарттарын сактоо.

3) Инвестицияларга, экспортко жана кооперацияга көмөк көрсөтүү

Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү. Кыргызстан экономикалык иш чөйрөсүндө алкактык шарттарды (мыйзамдарды) өркүндөтүү жагында кыйла ийгиликтерге жетишти. Ушуну менен бирге эле, Кыргызстандык жана эл аралык инвесторлордун ишенимине ээ болуу үчүн, ошондой эле өлкөгө инвестициялардын келишин көбөйтүү үчүн укуктук коопсуздукту жакшыртуу жана жеке менчик укуктарынын сакталышын камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле ачык соода саясатын жүргүзүү жана соода тоскоолдуктарын азайтуу милдеттүү болуп саналат, ошол эле учурда ДСУда каралган атайын жоболорду болушунча пайдалануу керек. Өнөр жай (индустрия) зоналарын түзүү. Бизнес жүргүзүү үчүн атайын шарттарды берген өнөр жай (индустрия) зоналарын түзүү инвестицияларды тартуу каражаттарынын бири. Өнөр жай (индустрия) зоналарынын артыкчылыгы өнөр жай өндүрүшү үчүн зарыл инфратүзүмдүн (энергия менен камсыздоо, коммуникациялар, бажылык тариздөө ж.б.) болушунда турат. Инвесторлорду кызыктыруучу атайын жоболорду иштеп чыгуу зарыл. Өнүктүрүүнүн финансылык институттары. Өнөр жайдын жана экспорттун өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн өнүктүрүүнүн финансылык институттарынын зарылдыгы барган сайын айкын болуп жатат. Мындай институттар жок дегенде экөө болушу зарыл. Биринчи институт акча каражатын узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүчү Өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү фондунун) ролун аткарууга тийиш. Бул максатка өнүктүрүүнүн эл аралык институттарынын, донорлордун ресурстарын тартууга болот. Экинчи институт - бул насыяны кыска мөөнөткө берүүчү экспорттук-импорттук насыя мекемеси. Экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруучу ишканалардын жүгүртүүдөгү каражаттарын насыялоо анын негизги милдети болот. Бул насыя мекемесинин негизинде өлкөлөрдүн - негизги тышкы соодалык өнөктөрдүн насыялык линияларын пайдаланууга мүмкүн болот. Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын тышкы рынокторго чыгаруу жана инвестицияларды коргоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) түзүү. МЖӨ принциптерин ишке ашыруу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракеттердин зарылдыгы менен шартталган. Мамлекет менен бизнестин ортосундагы туруктуу диалог ишкердик чөйрөдө болуп жаткан терс тенденцияларды азайтат.

4) Ата мекендик чийки затты иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү

Кыргыз Республикасында иштетүүчү өнөр жайдын орчундуу бөлүгү мурда өлкө ичинде өндүрүлгөн чийки затты иштетчү. Мурдагы тармак аралык байланыштарды калыбына келтирүү - азыр чечилиши кыйын маселе болуп калды. Ошол эле учурда, экономиканын баштапкы тармактарында продукциянын көлөмүнүн үлүшү салыштырмалуу жогору (30%га чейин). Бул, продукцияны кайра иштетүү потенциалга ээ экендигин билдирет. Импортко карата теңдештирилген тарифтик саясатты жүргүзүү, товарлардын конкреттүү түрлөрүн өндүрүүнү тикелей субсидиялоо түрүндө айыл чарбасына колдоо көрсөтүүнү толуктоо ирээтинде, кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө түрткү берет.

5) Кадрларды даярдоо

Акыркы жылдары инженердик-техникалык кесиптер эмгек акынын төмөндүгүнөн улам барктуу болбой калды. Окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда өз ара байланыштын жоктугунан бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү адистиги боюнча ишке орношо алышпайт. Инженердик-техникалык адистиктердин кадыр-баркы өнөр жайдын жанданышына жана чыңдалышына түздөн-түз көз каранды экендиги ачык көрүнүп турат. Кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде: баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүдө реформа жүргүзүү зарыл. ЖОЖго өтпөй калган абитуриенттердин көңүлүн кесиптик билим алууга буруу маанилүү, бул жумушчу кадрлар тартыш болуп жаткан шартта зарыл болуп эсептелет. Мектептик билим берүү чөйрөсүндө, өзгөчө анын мазмунун модернизациялоо бөлүгүндө реформа жүргүзүү да андан кем эмес маанилүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген билим берүү чөйрөсүндөгү жана анын өнүгүүсүн 2020-жылга чейин аныктаган стратегиялык мүнөздөгү документтерди ишке ашыруу биринчи кезектеги чара катары кызмат кылат.

6) Эмгектик мамилелер жагында социалдык стандарттарды киргизүү

Эмгек базарын өнүктүрүү, калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек акыны жөнгө салуу жана эмгекти коргоо менен байланышкан маселелер боюнча негизги иш-чараларды ишке ашыруу социалдык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул үчүн "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому кабыл алынган жана аларды ишке ашырууну активдештирүү зарыл.

7) Экологиялык стандарттарды киргизүү

2003-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясына карата Киото протоколун ратификациялаган. Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да Киото протоколун ишке ашыруу боюнча механизмдерди иштеп чыга элек. Бул документти экономикалык иштин ар кыл жааттарын модернизациялоо үчүн чет өлкөлүк инвестициялардын келишине өбөлгө түзүүчү шайман катары пайдаланууга болот. Киото протоколунун базар механизмдери "жашыл инвестицияларды" тартууга өбөлгө түзөт жана ошону менен катышуучу-өлкөлөргө алардын милдеттенмелерин аткарууга жана киреше алууга жардам көрсөтүшү мүмкүн.

8) Изилдөөлөрдү, иштеп чыгууларды жана инновацияларды алга жылдыруу

Илимий иштеп чыгууларга, изилдөөлөргө жана инновацияларга жетишсиз көңүл бурулууда. Өнөр жай менен илим жай темпте өнүгүүдө. Дүйнөдө жаңы иштелмелер жана инновациялар өнөр жайда ийгиликти камсыз кылышат. Бул көп учурда илимий-изилдөө институттарынын жана илимий иштелмелерге заказ берген жана каржылаган бизнестин биргелешкен ишинин натыйжасы. Илимий-изилдөө институттарынын кызматташуу мүмкүндүгүн да карап чыгуу зарыл. Илимди колдоо үчүн мамлекет тарабынан бөлүнүүчү чектелүү каражатты сарамжалдуурак пайдаланса болот, атап айтканда илимий институттар конкурстук негизде бериши мүмкүн болгон долбоордук сунуштардын ишке ашырылышын каржылоого болот.

9) Өнөр жай чөйрөсүндөгү коомдук уюмдарды күчтөндүрүү

Өнөр жай чөйрөсүндө түзүлүп жаткан коомдук уюмдар мамлекеттик органдардын жана өндүрүшчүлөрдүн ишин координациялоодо чечүүчү ролду ойноого тийиш. Мындай уюмдар, биринчи кезекте көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске алып, чечимдерди кабыл алууда бизнестин диалогу жана катышуусу аркылуу бийлик менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыз кылуу, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жигердүү саясат жүргүзүү, атаандаштык шарттарды (бизнес-этика, корпоративдик башкаруу, ишмер турмуштун стандарттарын) камсыз кылуу максатында ишкер коомчулуктун ичинде мамилелерди өзгөртүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, региондук жана глобалдык экономикага өнөр жайчыларды интеграциялоого жардам көрсөтүү менен бириктирилген позицияны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн чыңдай алышат.

4. Программанын иш-чараларын каржылоо

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо негизинен донорлордун каражатынын, ошондой эле ишкерлердин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт, бюджеттин тартыштык шартында бул абдан маанилүү. Программанын кезектеги жылга иш-чараларын донорлор тарабынан каржылоонун көлөмү бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирлери эске алынган талкуунун негизинде түзүлөт.

5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар

| № | Көрсөткүчтөр ├─────────┬─────────┬─────────┤ | Болжол 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Өнөр жай продукциясынын ИДПдагы салыштырма салмагы (% менен) | 18,1 | 21 | 25 |
| 2 | Өнөр жай чөйрөсүндө продукция чыгаруу (% менен) | 108,2 | 107,9 | 118,0 |
| 3 | Өнөр жай продукциясын экспортко алып чыгуунун өсүшү (% менен) | 10 | 12 | 15 |
| 4 | Өнөр жайды өнүктүрүүнүн эсебинен жаңы иш орундарды түзүү (бирдик менен) | 15000 | 21000 | 10000 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата

программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын

ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) | Күтүлүүчү натыйжалар |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын аныктоо предметине изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2013-ж. | ЭӨМ | Бизнес- коомчулук жана донорлор | Иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын аныктоо жана диверсифика- циялоо |
| 2 | Иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактары боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, ЭМ, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана диверсифика- циялоо |
| 3 | Өнөр жайдын көмүскө бөлүгүн мыйзамдаштырууга дем берүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ, ЭМ, АЧМ | Бизнес- коомчулук | Республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өсүшү |
| 4 | Продукция өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасына чийки зат жана материалдарды импорттоонун ыңгайлуу режимин түзүү боюнча Бажы союзуна мүчө өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ | Бизнес- коомчулук | Өндүрүш үчүн материалдарды жана чийки затты импорттоого ыңгайлуу бажылык алымдарды белгилөө |
| 5 | Өнөр жай продукциясынын экспортун колдоо боюнча дем берүүчү чараларды иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Продукцияны экспорттоонун көлөмүн жана экспортерлор- дун санын көбөйтүү |
| 6 | Кыргыз Республикасында экспортту өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2013-ж. | ЭМ, министрлик- тер жана ведомстволор | Бизнес- коомчулук | Өнөр жай продукциясынын экспортун кеңейтүү жана диверсифика- циялоо |
| 7 | Өнөр жай тармактарына инвестицияларды тартуу үчүн жогорку технологиялуу өндүрүштөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу | 2013- 2015- жж. | ЭМ, тармактык министрлик- тер жана ведомстволор | Бизнес- коомчулук | Жаңы өндүрүштөрдү уюштурууга инвестициялар- ды көбөйтүү |
| 8 | Лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | 2013-ж. | ЭМ, тармактык министрлик- тер жана ведомстволор | Бизнес- коомчулук | Бизнестин өнүгүшүнө бөгөт болгон тоскоолдуктар- ды кыскартуу |
| 9 | Өнөр жай чөйрөсүндө жаңы субъекттерди уюштуруунун шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2013- 2014- жж. | ЭӨМ, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Логистиканы, инфратүзүмдү жакшыртуу, региондордо өнөр жайды өнүктүрүү |
| 10 | Өнөр жайлык (индустриялык) зоналарды уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, ЭМ, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Жаңы өндүрүштүк кубаттуулук- тарды жайгаштыруу, анын ичинде региондордо жайгаштыруу |
| 11 | Эркин экономикалык зоналарда инвесторлор үчүн кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2013-ж. | ЭМ | ЭЭЗ | Тейлеме кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун эсебинен ЭЭЗ кардарларынын санын көбөйтүү |
| 12 | Өнөр жайда "жашыл экономика" принциптерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ, Токой агенттиги | ЮНИДО, бизнес- коомчулук | "Экологиялык таза технологиялар- ды" киргизүү, атмосферага зыяндуу чыгарууларды азайтуу |
| 13 | Эмгек мамилеси жагындагы улуттук социалдык стандарттарды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү | 2013- 2014- жж. | ЭМЖМ |  | Эмгек шартын жана кызматкерлер- дин укуктарын жакшыртуу |
| 14 | "Таза технология" идеясын алдыга жылдыруучу экологиялык жана энергия үнөмдөөчү технологияларды колдонууга киргизүүчү юридикалык жактарга колдоо көрсөтүү | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, ЭМ, ГМРМА | Бизнес- коомчулук, ГЭФ, эл аралык долбоорлор жана ЮНИДО | "Таза технологиялар- ды" киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу |
| 15 | Киото протоколунун базар механизмдерин пайдалануу боюнча каражаттарды иштеп чыгуу | 2014- 2015- жж. | ЭӨМ | ГЭФ, эл аралык долбоорлор | "Таза технологиялар- ды" киргизүү үчүн эл аралык уюмдардын ресурстарын тартуу |
| 16 | Экологиялык жана социалдык стандарттар боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү уюштуруу | 2013- 2015- жж. | ЭӨМ, МЖЭМ, ГМРМА, Токой агенттиги | ГЭФ, эл аралык уюмдар жана ассоциация- лар | Маалымдуулукту арттыруу |
| 17 | "Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | МЖЭМ, ЭӨМ | Профсоюз- дар, бизнес- коомчулук | Мамлекеттин, жеке сектордун жана кызматкерлер- дин ортосунда туруктуу диалогду камсыздоо, кызматкерлер- дин эмгек шарттарын жакшыртуу, эмгектин коопсуздугун арттыруу |
| 18 | Региондордун атаандаштык артыкчылыктарын аныктоо жана аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен региондорду өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ, КРӨМА, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |  | Инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Иш менен камсыз кылуу. Жаңы өндүрүштүк кубаттуулук- тарды жайгаштыруу |
| 19 | Региондордо өнөр жайды өнүктүрүү боюнча бизнес долбоорлорду даярдоо жана инвесторлорду издөө | 2013- 2015- жж. | ЭМ, ЭӨМ, КРӨМА, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |  | Региондордо өнөр жайды өнүктүрүү |
| 20 | Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча региондук кластерлерди уюштуруу тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу | 2013- 2015- жж. | ЭМ, ЭӨМ, АЧМ, КРӨМА, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, региондордо өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү |
| 21 | Жаштарды жана аялдарды региондук өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө тартуу боюнча долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга жардам көрсөтүү. Жаштарды жеке бизнес жүргүзүүнүн негиздерине окутуу | 2013- 2015- жж. | ЭМЖМ, КРӨМА, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Эл аралык уюмдар, микрофинан- сылык уюмдар | Жаштардын иш менен камсыз болушу, кадрларды даярдоону жакшыртуу, билим деңгээлин жогорулатуу |
| 22 | Өнөр жай ишканаларынын карыздарын, анын ичинде чет өлкөлүк (техникалык) насыялар боюнча карыздарын кайра түзүмдөө | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ФМ, ЭӨМ | Бизнес- коомчулук | Ишканалардын финансылык абалын жакшыртуу, инвесторлордун аларга карата кызыгуусун жогорулатуу |
| 23 | Ишканалардын иштерин оңдоо боюнча механизмди (банкроттук жол-жоболорду) актуалдаштыруу | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ |  | Токтоп турган ишканаларды реанимациялоо |
| 24 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы жабдууларга жана технологияларга каражат инвестициялаган өнөр жай ишканалары үчүн тездетилген амортизацияны колдонуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2013- 2014- жж. | ЭМ, ЭӨМ | Бизнес- коомчулук | Жаңы жабдууларды сатып алуу, кошумча кубаттуулук- тарды орнотуу, ассортиментти жаңылоо |
| 25 | Өнөр жай үчүн адистерди окутуучу кесиптик- техникалык билим берүүнү жана ЖОЖдордун окутуу программаларын жаңыртууга ишкерлердин катышуусу | Дайыма | БИМ, ЭМЖМ алдындагы Кесиптик- техникалык билим берүү агенттиги | Бизнес- коомчулук, окуу жайлар, ЖОЖдор | Кадрларды даярдоонун сапатын арттыруу |
| 26 | Изилдөөчү институттар, анын ичинде эл аралык институттар менен ишкерлердин ортосунда өз ара ишкер байланыштарды түзүү | Дайыма | УИА (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Жеке сектордон реалдуу долбоорлорго заказдарды алуу. Базарда талап кылынган продуктуларды иштеп чыгаруу. Эл аралык заказчыларга чыгуу |
| 27 | Финансыга болгон мүмкүнчүлүктү жакшыртуу сыяктуу каражаттарды пайдалануу менен ИИТКИни, ишканалардагы долбоорлорду колдоо | 2013- 2015- жж. | УИА (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Ишканаларда ИИТКИни өнүктүрүү |
| 28 | Технология борборлорун, технополистерди жана технопарктарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында түзүү жана токтоп турган ишканаларды иштетүү | 2013- 2015- жж. | ЭМ, ЭӨМ, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КР УИА (макулдашуу боюнча) | Бизнес- коомчулук | Өнөр жай өндүрүшүн өркүндөтүү, жаңы технологиялар- ды иштеп чыгуу |
| 29 | Өнөр жайдын муктаждыктары үчүн КТБ системасын өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2013- 2014- жж. | ЭМЖМ алдындагы Кесиптик- техникалык билим берүү агенттиги, ЭӨМ |  | Базар муктаждыктары- на багытталган кадрларды даярдоо |
| 30 | Ишкерлердин кызыкчылыктарын билдирген чет өлкөлүк уюмдар менен байланыш түзүү | Дайыма | ЭӨМ | Ассоциация- лар, Ишкерлер- дин, иш берүүчүлөр- дүн эл аралык уюмдары | Тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу |
| 31 | Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн иштеп жаткан аянттардын жана платформалардын ишин активдештирүү | 2013- 2015- жж. | ЭМ, ЭӨМ | Иш берүүчүлөр- дүн союздары жана ассоциация- лары | Мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалог. Чечимдерди кабыл алууга бизнестин катышуусу |
| 32 | Продукциянын сапатын жана коопсуздугун эл аралык стандарттарга ылайык камсыз кылуу системасын түзүү жана колдонууга киргизүү | 2013- 2014- жж. | ЭМ | Консалтинг- дик фирмалар, бизнес- коомчулук | Сапаттын улуттук инфратүзүмүнүн катышуучулары арасында өз ара байланышты жакшыртуу |
| 33 | Экспортко багытталган продукция үчүн аккредитацияланган эл аралык лабораторияларды түзүү | 2013- 2014- жж. | ЭМ, тармактык министрлик- тер жана ведомстволор |  | Өнөр жайлык продукциянын сапатын камсыздоо жана сертификаттоо |

Кыскартуулардын тизмеси: ИДП - Ички дүң продукт; КР - Кыргыз Республикасы; БС - Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзу; ЭӨМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; Токой агентиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги; КРӨМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик; ГМРМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; ММБФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; ыйгарым укуктуу - Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты; өкүлдүн аппараты ЖМА - Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; ИИТКИ - илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер; ЮНИДО - Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму; ЭИК - Эл аралык ишкердик кеңеш; ГЭФ - Глобалдуу экологиялык фонд; УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; КТБ - кесиптик техникалык билим берүү; ЭЭЗ - эркин экономикалык зона; МЖӨ - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.
