# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2013
- Редакциянын күнү: 13.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15979/edition/430759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94325

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-марты № 131 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Ысык-Көл" биосфералык аймагына автотранспорттун кирүүсү үчүн жыйымдарды тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

31-пунктта: биринчи абзац "органы" деген сөздөн кийин "монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин биосфералык аймактагы органдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын биосфералык аймактагы региондук бөлүмдөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү, бешинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп табылсын; алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- укук коргоо, жаратылышты коргоо органдарынын, медициналык тез жардамдын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана анын бөлүмдөрүнүн атайын транспорт каражаттарынан;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
