Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-марты № 128 "Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 128 токтомуна тиркеме
Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
"Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт. Бул Макулдашуу Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышуучу мамлекеттердин улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануунун шарттарын жана укуктук камсыздалышын аныктоо үчүн зарыл. Бул Макулдашуунун максаты КМШга катышуучу мамлекеттердин тең укуктуулук, ак пейилден атаандашуусуна жана өз ара пайда алып келүү принцибине негизделген электр энергетика жаатындагы бирдиктүү базар мейкиндигин түзүү болуп эсептелет. Бул Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин чарбакер субъекттери мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларынын техникалык абалы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуунун жана электр энергетика тутумдарынын туруктуу иштешине шайкештигин камсыздоону эске алуу менен, аларды техникалык тейлөөгө жана оңдоого келишимдерди түзө алышат. Тейлөө бригадалары, транспорттук каражаттар, атайын техника, жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана материалдар бул Макулдашуунун башка катышуучу мамлекеттеринин аймагына жер бети, аба же суу транспорту аркылуу тоскоолдуксуз, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдөн бошотулуу менен жиберилиши мүмкүн. Келишимди ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо КМШнын Электр энергетикалык кеңешине жүктөлөт, анын ишинин негизги максаты болуп электр энергетикасы жаатында КМШ мамлекеттеринин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жана кызматташтыкты түзүү, ошондой эле электр энергетикасынын бирдиктүү технологиялык базасын пайдалануунун жана улуттук электр энергетика тутумдарынын туруктуу жарыш иштөөсүн уюштуруунун эсебинен КМШ мамлекеттерин энергия менен ишенимдүү жабдууну камсыздоо болуп эсептелет. Жогоруда аталган Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому сыяктуу энергетикалык компаниялардын каражаттарынын эсебинен каралган. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына каршы келбегенин белгилейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Коз карандысыз…Закон · 08.06.2013 · № 93
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон