Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун убактылуу тартибин жана Изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн убактылуу тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 августа 2014 года № 451 "Об утверждении Перечня видов специальных технических средств, предназначенных для негласного получения информации в процессе осуществления оперативно-розыскной деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-08-07.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 17-апрели № 202 Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун убактылуу тартибин жана Изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн убактылуу тизмегин бекитүү жөнүндө Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип);
- Изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн убактылуу тизмеги (мындан ары - убактылуу тизмек).
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу тартип жана Убактылуу тизмек 2013-жылдын 31-декабрына чейин колдонулаары белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген
Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн УБАКТЫЛУУ ТИЗМЕГИ
| № | Аталышы | ТЭИ ТН коду |
|---|---|---|
| 1 ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ | Акустикалык маалыматты жашыруун алуу жана каттоо үчүн атайын техникалык каражаттар: - акустикалык маалыматты жашыруун алуу жана каттоо үчүн арналган зым байланыш тутумдары; - акустикалык маалыматты жашыруун алуу жана каттоо үчүн арналган радиоаппаратура | 8517 18 000 0 дөн 8517 61 000 дөн 8517 62 000 дөн 8517 69 390 0 дөн 8517 69 900 0 дөн 8525 50 000 0 дөн 8527 12 900 0 дөн 8527 13 990 0 дөн 8527 21 200 9 дан |
| 2 ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ | Жашыруун визуалдык байкоо жана документтештирүү үчүн атайын техникалык каражаттар: а) эч болбогондо төмөнкү белгилерге ээ болгон фотокамералар: - тиричилик предметтерине чүмбөттөлгөн; - сыртка чыгарылган кирүү көзчөсү бар (PI№-HOLE); - визири жок; - камераны башкаруунун сыртка чыгарылган органдары менен. б) тиричилик предметтерине чүмбөттөлгөн телекөрсөтүү жана видеокамералар: - сыртка чыгарылган кирүү көзчөсү бар (PI№-HOLE); - объектинин начар жарыктандырууда (0,01 лк жана андан төмөн) же кабыл алуу элементи 0,0001 лк жана андан төмөн жарыктандырууда иштеген; в) кабелдик, радио жана оптикалык байланыш линиялары боюнча видео сүрөттү берүүчү аппаратуранын комплекси | 9006 51 000 0 дөн 9006 52 000 9 дан 9006 53 100 0 дөн 8525 80 300 0 дөн 8525 80 910 9 дан 8517 18 000 0 дөн 8517 61 000 дөн 8517 62 000 дөн 8517 69 390 0 дөн 8517 69 900 0 дөн 8525 50 000 0 дөн 8527 12 900 0 дөн 8527 13 990 0 дөн 8527 21 200 9 дан |
| 3 ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ ├────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤ | Телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун угуу үчүн атайын техникалык каражаттар: - телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун угуу үчүн арналган зым байланыш тутумдары; - телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун угуу үчүн арналган радиоаппаратура | 8517 18 000 0 дөн 8517 61 000 дөн 8517 62 000 дөн 8517 69 390 0 дөн 8517 69 900 0 дөн 8525 50 000 0 дөн 8527 12 900 0 дөн 8527 13 990 0 дөн 8527 21 200 9 дан |
| 4 | Байланыштын техникалык каналдарынан маалыматты жашыруун кармап калуу жана каттоо үчүн атайын техникалык каражаттар | 8471 49 000 0 дөн 8471 90 000 0 дөн 8517 61 000 дөн 8517 62 000 дөн 8517 69 390 0 дөн 8517 69 900 0 дөн 8523 40 200 0 дөн 8523 29 210 1 ден 8523 29 210 2 ден 8523 40 700 1 ден 8523 51 700 1 ден 8523 59 910 1 ден 8523 80 910 1 ден 8527 12 900 0 дөн 8527 13 990 0 дөн 8527 21 200 9 дан |
| 5 | Почта билдирүүлөрүн жана жөнөтүүлөрдү жашыруун контролдоо үчүн атайын техникалык каражаттар | 9022 19 000 0 дөн |
| 6 | Предметтерди жана документтерди жашыруун изилдөө үчүн атайын техникалык каражаттар, чакан көлөмдөгү рентгеноскопиялык жана рентгенотелевизиондук алып жүрмө аппаратура | 9022 19 000 0 дөн |
| 7 | Имараттарга, транспорт каражаттарына жана башка каражаттарга жашыруун кирүү жана текшерүү үчүн, бекитүүчү түзүлүштөрдү ачуу үчүн атайын техникалык каражаттар | 8301 70 000 0 дөн 9022 19 000 0 дөн |
| 8 | Транспорт каражаттарынын жана башка объекттердин орун которуусун жашыруун контролдоо үчүн атайын техникалык каражаттар | 8526 10 000 9 дан 8526 91 800 0 дөн 8526 92 000 дөн |
| 9 | Техникалык каражаттардан маалыматты алуу, аны сактоо, иштетүү жана берүү үчүн атайын техникалык каражаттар | 8471 49 000 0 дөн 8471 90 000 0 дөн 8505 90 100 0 дөн 8517 61 000 дөн 8517 62 000 дөн 8517 69 390 0 дөн 8517 69 900 0 дөн 8523 40 200 0 дөн 8523 29 210 1 ден 8523 40 700 1 ден 8523 51 700 1 ден 8523 59 910 1 ден 8523 80 910 1 ден 8527 12 900 0 ден 8527 13 990 0 ден 8527 21 200 9 дан |
| 10 | Инсанды жашыруун идентификациялоо үчүн атайын техникалык каражаттар, адамдын психофизиологиялык реакциясын көп каналдуу каттагычтар | 9019 10 900 9 дан |
| 11 | Мобилдүү уюлдук байланыштын сигналдарын токтотуучулар | 9031 80 980 0 дөн |
Эскертүү: Атайын техникалык каражаттар тиричилик предметтерине чүмбөттөлүшү мүмкүн жана эгерде бул атайын көрсөтүлбөсө чүмбөттөлбөшү да мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 451 "Изин суутпай издөө пиши жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн…Постановление · 07.08.2014 · № 451
- "Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан…Постановление · 17.04.2013 · № 202